www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен: Аркада кайрадан ок атышуу башталды

Баткен районунун Төрт-Көчө участогу кайра жабылганы кабарланууда. Бул тууралуу 1-майда саат 11 чамасында «Азаттык» радиосунун кабарчыларына Көк-Таш айылынын тургундары билдиришти. Алардын айтымында, тажик тарап жолго шагыл төктү.

Лейлектин Арка деп аталган жеринде ок атылганы тууралуу да айтылып жатат.

Облус бийлигинин басма сөз кызматы бул тууралуу азырынча маалыматы жок экенин билдирди.

Тажик тарап да расмий маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен-Исфана автожолу өтөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 1-майда саат 9.00гө карата Баткен облусунун аймагында абал туруктуу экенин билдирген.

Эске салсак, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 31 адам каза болду, 154 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости