www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кыргыз-тажик чек арасындагы 1-майдын саат 11:30уна карата абалды салыштырмалуу чыңалган деп баалады.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстан тарап Төрт-Көчө деген жердеги жолду толук тосуп койду.
Ошону менен катар, атайын кызмат белгилегендей, чек аранын тажик тарабында аскердик техниканын кыймылы байкалууда.
Тажик тарап бул боюнча расмий маалымат бере элек.
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен-Исфана автожолу өтөт.
Эске салсак, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 31 адам каза болду, 154 адам жараат алды.
Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.
Булак: NazarNews.kg