www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Биздин чоң жардам менен Тажикстанда стабилдүүлүк орногон”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Союз тараганда бардык эле республикаларда улуттар аралык кагылышуулар болду. Ал эми Тажикстанда абдан катуу жарандык согушуу болду. Тажиктер ислам мамлекети кылабыз деп дагы катуу аракет кылышты. Кызматтарда чогу иштеп жүргөн адамдар эле бийлик талашып, элди экиге бөлүп, аябай кыйнап коюшту. Эмомали Рахмон президент болууга жанталашты. Тажиктердин чоңдору биздин жардам менен бир пикирге келип, Тажикстанда стабилдүүлүк орногон. Анан Эмомали Рахмон өлкө башчы болду. Азыр ал ушул жакшылыкты унутуп, тескери карап жатат.

Себеби, бардык мамлекеттер жардам берген. Бирок бизчелик тажиктерге эч ким жардам берген жок. Мен 1992-жылдары Легендарлуу парламенттин депутаты болчумун. Болушунча күчүбүздү жумшап, ынтымакка чакырдык. 150 миңге жакын кыргыздар Тажикстанга отурукташып калган. Катуу кан төгүүлөр болуп жатты. "Коңшу өлкө болуп, Кыргызстан менен чектеш болгондуктан биздин элге чоң терс таасирин тийгизеби деп кабатыр болдук. Бийлик эле эмес карапайым калкыбыз кошо санаага батты. Алардын тынчтыгын, ынтымакка келишин тилеп, күттүк. Чындыгында кыргыз элиндей жан дили менен кабатырланып, жардам берген эл болгон жок”, - дейт саясатчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости