www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы абал тиешелүү органдардын көзөмөлүндө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров «Азаттыкка» билдирди.

Ал аянтта канча киши чогулуп турганын айта албай турганын белгилеп, күч түзүмдөрү жана башка мамлекеттик органдар өз жумушун аткарып жатканын белгиледи.

Өкмөт мүчөсү элдин коопсуздугун камсыз кылуу, тынчтыкты сактоо негизги бирден бир милдет экенин кошумчалап, тийиштүү тараптар ишин жүргүзүп жатканын, өз оюн билдирүүнү каалаган тарапка жолтоо болбосун, бирок баары мыйзам чегинде болушу керек экенин айтты.

Ушул тапта парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» саясий партияларынын лидерлери жана тарапкерлери Бишкекте Опера жана балет театрынын алдында баштаган митингин Ала-Тоо аянтында улантып жатышат. Ал жакта жалпы “Ордо”, “Социал демократтар”, “Чоң Казат”, “Реформа”, “Мекен Ынтымагы” партияларынын өкүлдөрү дагы өз талаптарын айтып жатышат. Алар шайлоо ыплас өткөнүн белгилеп, жыйынтыгын тааныбай тургандарын билдиришүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости