www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасында адам өмүрүн алган акыркы окуялар боюнча видео кайрылуу таратты. Мадумаров бийликти сындап, чек ара чырынын алдын алууга мүмкүнчүлүк болгонун жана аны күчөтпөө үчүн азыр да мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Ал үчүн бийлик колунан иш келген адамдарды кызматка коюшу керек экенин кошумчалап, ушул жылдын июль айында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин жолугушуусун эске салды:

-«Биз бардык маселени чечтик. Жеринде кол койдук» деп калпагыбызды көккө ыргытып, аш-тойлорду өткөрүп, «кылымдар бою чечилбеген маселени эки мамлекеттин жетекчиси чечип койду» деп сайрагандар бүгүн кайда? Ал маселелер чечилбей келген жана чечилиши да кыйын. Колуңардан келбесе колунан келе турган, маселени чече ала турган, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргой ала турган, көкүрөгүн тосо турган азаматтарга орун бошоткула. Колуңардан келбесе уялбай эле айткыла. Облустук, райондук деңгээлде болосуңбу, «колумдан келбей калды. Келечекте каргыштан коркуп жатам. Мени бошотуп койгула» деп айт. Тырмышып отурбагыла. Бул республикалык деңгээлдеги жетекчилерге да тиешеси бар.

Мадумаров 2008-жылы 26-ноябрда жана 2009-жылы 3-мартта кыргыз-тажик коопсуздук кеңеш катчылары кол койгон протокол боюнча эч нерсе айткан эмес. Аталган протоколдо Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоп, ал жерге көпүрө салыш үчүн дарыяны жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун Кыргызстанга алуу маселеси макулдашылган.

 

 

Последние новости