www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орто Азиядагы мыкты дипломатия-бул күчтүү куралдуу күчтөр жана мыкты күч түзүмдөрү. Коңшулар менен ар кандай чыр-чатактар, келишпестиктер Кыргызстан өзүнүн армиясын, куралдуу күчтөрүн жана түзүмдөрүн, ошондой эле армиядагы сандык көрсөткүчтү жок дегенде 30 миңге жеткирмейин болуп тура берет. Мына ушундай пикирин өзүнүн фейсбук баракчасына Медербек Карганбаев аттуу жаран калтырган. Анын айтымында, “Душанбе, Ташкент менен эсеби жок жолугушуулар боло берет, алар артыбыздан жылмайып узатышканын коюшпайт. Бирок, алардын саясаты улана берет. Себеби, аларда бизге каршы бакыйган көзүрү бар. Алар биздин армия, куралдуу күчтөр алсыз экендигин билишет” - деп оюн бөлүшкөн.

Чындыгында, бул мекендешибиздин оюна кошула албай койбойсун. Учурда ар кандай аскерий иш чараларда куралдуу күчтөрүбүздү жогорку жактагылар жогорку трибунадан ашата мактабасын, бирок эл барын көрүп турат. Эсиңиздерде деле болсо керек, былтыр кычыраган кыш мезгилинде Россия Кыргызстанга ЖККУ алкагында чек араны бекемдөө үчүн деп “20-кылымдын калдыктары” атыккан ВАЗ-Буханка, КАМАЗ-Эксковарторщик ж.б.у.с “гумпомощь” берип, чоңдорубуздун бир черин жазып кетишсе, элибиздин оозун ачырып кетти эле. Ал учурда коңшу өлкөлөр АКШ, Европа, Кытай өлкөлөрү менен “Гумпомощу” жок эле аскерий келишимдердин негизинде армияларын модернизациялап жаткан учуру. Таңгөрү, айткандай эле чыгыш өзгөчө бир регион да. Чындыгында бул жердеги негизги демократиянын күчү куралдуу күчтөрүнүн кубаттуулугунда окшойт сыңары...Баса, убагында Россиядан 2 млрд.дооларга келет делген аскерий техникалар кайда? же ушул эле беле?

Булак: NazarNews

Последние новости