www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Деңгээли жетпесе да жасалма мүнөз күткөн Мелис Мырзакматов улам бир партия менен биригип келет. Бийликке өзүнчө күч катары көрүнүү аракети го? А бизге баары маалым.

Ириде алсыздар гана биригишет эмеспи. Саясатта курулай дымак менен алдыга озбосу анык. Мелис Мырзакматовдун «арстан, жолборс» болгону артта калды. Эми чүкөсүн Оштун көчөсүндө тынч эле ойноп, тек жүрбөсө бийликтин каарына калышы мүмкүн.

Заман өтүп кетти, өзүнүн артта калганын сезбейби? Протесттик электоратты алууга да духу жетпеди. Бул жааттан оппозициялык маанайдагы Адахан Мадумаров эч кимге кошулбай турганын шардана кылып, «Бүтүн Кыргызстан» өз алдынча барарын айтып чыккан.

Чечен саясатчы Нуржигит Кадырбеков да бирөөнүн чапанына корголобой турганын билдирди. Ал эми Мелис Мырзакматов буларга салыштырмалуу шөмтүрөп калды эй!

Булак: Азия News гезити

Последние новости