www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда жерди мыйзамсыз сатууга айыпталып жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Атап айтканда, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Х., анын шериги М.С., ошондой эле Кара-Суу районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Б.Б. кармалган.

"Кармалгандар жеке кызыкчылыгын көздөп, узак убакыттан бери Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатып келген. 30-сентябрда аларга кылмыш жасаганы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Аталган жооптуу кызматкерлер Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен айыпталууда. Сотко чейинки өндүрүш ачылып, учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости