www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаров менен Жапаров биригүү жөнүндө сүйлөшкөнбү?

Акыркы учурларда социалдык тармактарда Бакай Кашкарбаев аттуу жаран Садыр Жапаровду колдоп, башка саясатчыларга карата сын-пикирин жамгырдай эле жаадырып, байма-бай айрым саясатчылардын былыгын ачкан видео кайрылууларды жасап жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Кашкарбаев президенттикке талапкер Адахан Мадумаровго да бир топ сындарды айтып келген.

Бул арада соцтармакта өзүн Мадумаровдун колдоочусумун деген Каныбек аттуу жаран Бакай Кашкарбаевге Мадумаров тууралуу ойлонуп сүйлөөсүн талап кылып, эскертүү берген аудиозапись тарап, коомчулукта бир чоң талкууга алынды.

Кошумчалай кетчү жагдай, анда Мадумаров менен Садыр Жапаровдун биригүүсү боюнча да сөз болгон.

"Экөөнү бириккиле дешти. "Эгерде мыйзамды тебелебей Конституцияны ыйык кармаса, мен иштешкенге даярмын" деди го Садырга (ред. Мадумаров) Конституцияны тебелеген адам таза иштейт деп ойлойсуңбу сен? Садыр кандай иштегенин көрүп жатабыз.

Кечээ сен Текебаевди сөгүп, Мадумаровду да сөгүп кеттиң. Антип адамдын аброюна шек келтирбе! Сөгүнбөй сүйлө", - деген Мадумаровдун колдоочусу. 

Эске салсак, буга чейин көптөгөн саясатчылар президенттик шайлоодо өздөрүнүн багын сыноо үчүн талапкерлигин койгон. Бирок, көп өтпөй алар талапкерлигин ала баштады. Бардыгы президенттикке катышуу үчүн Өкмөт башчылык кызматын убактылуу тапшырган Садыр Жапаров менен болгон жолугушуудан кийин талапкерлигин алып жатышат.

Буга мисал катары экс-депутат, режиссёр Садык Шер-Нияздын Жапаров менен арасы жакын эмес болуп туруп, Жапаров бир пиала чай бергенден кийин эле Садыр Жапаров ак киши деп, аны менен биригүүнү чечти. 

Бул арада экс-депутат Турсунбай Бакир уулу да Жапаров менен көз карашыбыз бир экен көрсө, деген жүйө менен талапкерлигин алды. Эми эл арасында Мадумаров менен Жапаров биригет деген имиштер чыгып жатат. Ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоодо Мадумаров менен Жапаровдун ортосунда катуу тиреш болот деп белгилүү саясат талдоочулар айтып келгени баарыбызга маалым.

Жогорудагы айтылган кептерге таянсак, Жапаров Мадумаровду да өзүнө каратабы? 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости