www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев шайлоо алдында шайтан менен болсо да биригип, парламентке келери белгилүү. Ошондуктан,бирде кас, бирде дос саясатчыларды электен өткөзүп, президент Жээнбеков үстүнөн  көздөгөн партиялардын добушун Түштүктөн алуу үчүн шымааланып киришти. Ал  "Ата Мекен" партиясынын айланасында түзүлгөн "Жаңы дем" деген алянска Жанар Акаевди кошсо, эми он жылдан бери шайлоолордон аксап, жалаң “соцтармактардын президентине” айланган Адахам Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясын алпештеп тосуп алганы жатат. Адахам Мадумаровдун стратегиялык тактикасына ылайык парламенттик  шайлоого ал “Ата –Мекенден” биринчи ондуктун катарында барат. Келишим шарттарына ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан Мадумаровдон тышкары 7 талапкер тизмеге кошулат. Ал эми саясий кызыкчылыктар эске алынган эмес. Мадумаров диктатордук, президенттик башкарууну жактайт. Ал эми Текебаев тескерисинче парламенттик башкарууну көздөп ушул Конституцияны алып келип, 120 депутатты мамлекеттик бюджет аркалуу багып жатабыз. Эки башка максатта, карама каршы багытты карманып бир кемеге түшкөн эки үлкөндүн тандеми сыпайы болот болуш керек. Бул кадам бийликке жетүү үчүн көпкөн байдын кызына аргасыз никелешкен арамза кедей жигиттин жасалма махабаты сыяктуу эптеп депутаттык мандатка жетүү үчүн жасалган көз бойомочулукпу? Албетте, Өмүрбек Чиркешовичтин Мадумаров менен биригүүсү менен шайлоо шахматындагы биринчи жүрүштөрү башталды. Эми СДПК менен бириксе деле таң калууга болбойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости