www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттыкка” маек берип, Жогорку Кеңештин ишмердиги тууралуу суроого жооп берди. Ал парламентте пикирин ачык айткан депутаттардын мандаттары алынып, басым-кысымга кабылган учурлар көп экенин айтты.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишими тууралуу Жогорку Кеңештеги билдирүүсүнөн кийин “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылып, мандат маселеси көтөрүлгөн Султанбай Айжигитов тууралуу комментарий берип жатып мындай деди:
“Мыйзам чыгаруу бийлиги бийликтин бир бутагы катары кыйылат. Жок болот. Азыр ошондой. Жогорку Кеңештин депутаты сунуш кылып жатат деген мыйзам долбоорун “тигил жактан” эле сунуштап сенин атыңдан кетип калсын” деген эле маселе менен иш жүрүп жатат”, - деди ал.
Белгилей кетсек, Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген.
Ошол эле күнү, “Ыйман Нуру” фракциясы мындай билдирүүсүнөн кийин аны фракциядан чыгарган.