www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«А.Ж.» акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтирүү менен жер тилкесин белгиленген тартипти бузуу аркылуу төмөндөтүлгөн нарк боюнча алуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "А.Ж.га" (акционерлердин бири мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча орган болгон) автотранспорт ишканасын түзүү жана автотранспорт токтотуу үчүн 5,5 га жер тилкесин өткөрүп беришкендиги аныкталган.
Андан соң мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча органга таандык акциялар акционердик коомдун башка катышуучулары тарабынан төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алынган. Ошол эле учурда бөлүнгөн жер тилкеси «А.Ж.нын» менчигинде калган.
«Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган объекттин ээси А.А.К. мүлккө ээлик кылуунун жана пайдалануунун мыйзамсыздыгын моюнга алган. Мындан улам А.А.К. акционерлер менен биргеликте аянты 5,5 га жер тилкесин бөлүп, 3 га жер тилкесин бардык курулуштары менен мамлекеттин балансына кайтарып берүү чечимин кабыл алды.
Бүгүнкү күндө бул объект Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди», - деп айтылат расмий маалыматта.