www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—Артём Эдуардович, сизге кыргыз тилин үйрөнүү үчүн чоң суммадагы акча которулуптур, бул көп эмеспи?

—Билесизби, бул Өкмөттүн кыргыз тилине карата бөлүнгөн акчасы экен. Мен алардан бөлүнүп кала албайм да. Ошондуктан министрлик менен кошо тил үйрөнүп жатабыз. Бир жумада 5 күн сабакка барып турам, бирок тилекке каршы толук, эркин сүйлөп кете албай жатабыз.

—Өзүңүз эң чоң тармакта министрсиз, Кыргызстандын жараны болуп туруп кыргыз тилин билбегениңизди уят деп эсептебейсизби?

—Расмий тил орус тили болгондуктан жашоо турмушта орус тили эркин эле колдонулат. Ошондуктан буга чейин муктаждык жаралган эмес. өзүмө келсем, азыр аракет кылып тил үйрөнуп жатам. Кыргыз тилин билбегеним кемчилигимдир. Так кесе эч нерсе деп айта албайм.

—Бюджет тартыш болуп жатканда бир эле министрдин тил үйрөнүүсүнө кеткен 324 миң сом көптүк кылат деген сын-пикирлер айтылып жатат, туура эле кабыл алсаңыз керек?

—Туура кабыл алам, эгерде бул өтө эле резонанс жарата берсе мамлекет төлөп берип жаткан акчадан баш тартып, өз акчама деле үйрөнө аламын. Буга чейин деле өзүмдүн каражатыма мугалим жалдап үйрөнүп жаткам. Кыйынчылыгы деле жок.

—Анда эмнеге бул убакытка чейин баш тарткан жоксуз?

—Бул убакытка чейин мындай учурлар болгон эмес. Анан дагы мынча ызы-чуу болуп кетээрин күткөн эмесмин.

—Экономика министрлигинин сайтындагы маалыматтардын баары орусча кетет, эмнеге кыргызчасы көбүрөөк эмсс?

—Чынын айтайын, мен сайтты карабайм. Эгер мындай катачылык болсо сөзсүз карап, чара көрөм. Кыргыз тилинде маалыматтар сөзсүз түрдө коюлууга тийиш.

Булак: Де-факто

Последние новости