www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британияда зордуктоого айыпталып 17 жыл темир тор артында отурган 57 жаштагы жаран күнөөсүз деп табылды. Бул тууралуу SkyNews телеканалы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2003-жылы 40 жаштагы Эндрю Малкинсон жети жылга эркинен ажыратылган, бирок кийин ал күнөөсүз экенин баса белгилегендиктен мөөнөтү узартылган. Малкинсондун күнөөсү окуя болгон жерден алынган материалдык далилдер жана ДНК үлгүлөрү менен тастыкталган эмес, айыптын баары күбөнүн эки ача көрсөтмөсүнө негизделген.
Малкинсон кылмышка күнөөлүү эмес экенин далилдеген соттун акыркы өкүмүнөн кийин Манчестер полициясы "чын жүрөктөн кечирим сурайбыз" деп айтып, окуяны "адилеттикти калыбына келтирүү аракетиндеги кечирилгис ката" деп атаган. Бирок, Малкинсон сот алдында аларды жемелөө менен жооп берди.
"Мен 2003-жылы полиция бөлүмүнө келип, күнөөсүз экенимди айткам. Алар мага ишенишкен жок. 2004-жылы Манчестердеги Падышкалык сотуна барып, сот отурумдагыларга менин күнөөм жок экенин айттым. Алар мага ишенген жок. Мен бул апелляциялык сотко 2006-жылы келип, күнөөсүз экенимди айткам. Алар мага ишенген жок. Сот адилеттигинен жаңылыштыктарды териштирүүгө тийиш болгон Кылмыш ишин кароо комиссиясына барып, менин күнөөм жок экенин айттым. Алар ишенбей, ишти териштирген жок. Эки жолу. Бүгүн бул сотко менин күнөөм жок деп айтсам, акыры мени угушту. Бүгүнкү күнгө чейин бул жагдайга эч ким кызыккан эмес жана бул бурмаланган чындыкты өзгөртүүгө эч ким аракет кылган эмес", - дейт Эндрю Малкинсон.
Жаңы ДНК материалдары табылгандан кийин Малкинсондун жактоочусу Апелляциялык сотко арыз менен кайрылып, күнөөсүз деп табылган. Ал эми жаңы шектүү аныкталып, камакка алынганы айтылат.
Булак: NazarNews.kg