www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Заманыбыздын белдүү калемгерлеринин бири Шайлообек акын минтип жазыптыр: “Алым менен Шербет урушса акча, дүнүйө талашып эмес, чыгармачыл ой, пикир талашып урушкан”. Бул абдан туура. Экөөнүн эгиз козудай ээрчишип, чын дүйнөгө бет алганына он жылга чамалап баратат. Июлдун аягында 2014-жылы Алым Токтомушев жан таслим болгон. Экөөнү туура байкаган Шакем сөздүн туурасын айтып жатат. Анткени Ат-Башыда 1950-жылы туулган Шакем 1947-жылы туулган жумгалдык Алым Токтомушев менен нечен ирет баржактап эт жеп, арак ичишкендир, бирок 1949-жылы туулган кочкорлук Шербет Келдибекованы аярлап сый мамиле кылып, көзү өткүчө бир жаш кичүү болсо да «Шербет эже» дегенинен жазган жок. Сталиндин убагында төрөлгөндөрдүн өзгөчө сыйы болсо керек, азыр он жаш уулу болсо да төбөгө чыгып алат.
Жашоо «спираль» сыяктуу же философиялык көз караш менен алганда «таанууну тануу» мыйзамы бар экен.Бир жакшы заман, артында катаал заман, кайра жакшы заман бар экен. Шакем балалык чагында, жаш кезинде катаал заманды көрдү, бирок үй-бүлө күткөн соң улам турмуш оңолуп, жакшы заман башталган. Ошондуктан алар канчалык баштарынан оор турмуш өтпөсүн, балдарын башкалардан кем кылбай окутуп –чокутуп, алдым-жуттумга жолобоого үндөп тарбиялаган. 1985-жылы «перестройка» менен кошо «алдым-жуттумдардын» заманы башталды. СССРдин тарашы менен бул процесс күчөдү. «Алдым-жуттумдукка» үйрөнбөгөндөр кала беришти, жаңы муун өсүп чыкты...
Чоң атамдын атасы Кудаяр Бос-Бөлтөктө туулуптур. Сарыбагышты бийлеп турган Ниязбек бий Бос-Бөлтөктү Солтого калтырып Орто-Токойго көчүп кетет, андан ары Кочкорго. Чоң атам Эсенбай, атам Келдибек, биз Кочкордо туулуп өстүк. Атам Келдибек 90-жылдардан Бишкекте жашап, 2015-жылы Бишкекте көзү өттү. 2000-жылдын башында биз Бос-Бөлтөккө көчүп келгенде, атам ушул жерде ата-бабалар жашаганын айткан. Андан тышкары чоңчарык тууганыбыз Балык Байтик менен жашап тукумдары ушул жерде калыптыр. Демек Бос-Бөлтөк чоочун жер эмес.
Менден кийин бул жерге кеменгер таланттуу акын, жазмакерлердин генийи, азыркы замандагы кыргыз классиктерин ана башы, түрк дүйнөсүндө учурда бардыгын «обгондоп» басып өткөн Шайлообек Дүйшеев да Бос-Бөлтөккө келди. Бос-Бөлтөккө келбесе деле Шайлообек акын ушул атактын ээси болмок.
Учурунда Кочкордун Кара-Суу айылында эң көп айлыкты мен алчумун, директорлук жана орус тил мугалими катары миң сомдон ашчу. Ошол кезде Алым Токтомушев алты миң сом ала турган. Рысбек байке каза болгондо келишти, Турганбек деген классташым «Алым Токтомушев менен бир отуруп ичишсем, бу дүйнөдө бактылуу болот элем» дегенинен, аны «бактылуу кылайын» деп, мектептин алма багына чакыргам, жөнөкөй адам катары келип Турганбекти «бактылуу кылып» кетти. Ал кезде Алым Токтомушев дегенде өлкө титиреп турчу. Акылбек байкеге бирөөлөр, Алымдын кайынагасы болот турбайсыңбы, ал өлө бай жашаса керек дейт. Ооба, дептир ага. Айрыкча бош бөтөлкөгө аябай, шагырайт дептир.
Алым Токтомушевдин «характери» оор болгон. Айрыкча ал беркиден бастырып алганда аны мактап гана отуруш керек эле. Бир ирет алар отпускеге чыкканда үйүнө ремонт жасамай болот, жездем ишке жарамсыз болчу, Төлөгөн Карыкеев экөө ишти баштап, айнек алып келатып, аны талкалап алат. Ваннасын кафелдеп берчи дегенинен бардым, жездебиз алагүү болуп калыптыр. Шак эле сөздү Толстойдон баштады. Аны менимче онжолу «великийлигин» белгиледи. Бир кезде тажап кеттим, «Толстойдн эмнеси «великий», великий адам токсон жашка келгенде кемпиринен качып ай талаада тоңуп өлмөк беле» дедим. Шок болуп кетти, калтырап барып «чыгып кет» деди. Аркы үйүнө барып, эл жаткан соң кафелин кафелдеп койдум. Эртең менен көрүп таң калды, анан баш жазганга кирдик. Жездем Достоевскийге өттү... Угуп отурдум, бир кезде: «Достоевский кара жерге кирсин, бир туугандыгыбыз өйдө эмеспи» деди.
Шайлообек байкеге кайрылалы, ансыз тузу кем болуп калчудай. Алым менен Шербет экөө тең акын болгон. Экөө өмүрдүн аягына дейре тегирмендин ташындай жуп болуп, өмүр деген агып турган суу болсо, ошол өмүр менен жашоону бирдей айланып, турмушту бирдей тегеренип, бала ордуна ыр багып, бири-бири менен ынтымак-ыйманда жашап, артына үлгү болоорлук из таштап кетти. Бул жалган дүйнөдө изи калбай, ың-жыңсыз кеткендер канча? Бизге чейинки кыргыз жазуучулары кыргыз адабиятын орус адабияты аркылуу байытып, Пушкин менен Толстойду, Чехов менен Гоголду, Горький менен Бунинди, Есенин менен Маяковскийди которуп, алардын ким экенин окутуп, үгүттөп, үйрөтүп кетсе, Алым менен Шербет бизге орус адабиятынын классиктерин которуп окутуп, үйрөтүп кетти. Алым менен Шербеттен биз Анна Ахматова менен Цветаева, Пастернак менен Осип Мандельштамды таанып билгенбиз. Кыргыз кыртышын жаңы сорттогу үрөн менен байытууну көздөгөн дыйканга окшоп, Алым кыргыз адабиятынын кыртышын Пастернак, Мандельштам, Ахматова, Цветаева, Рильке, Неруда өңдүү таланттардын таасирине тартып, ошолордун ырлары менен байытып келген.
Өзү да ырды ошолорго шыктанып туурап жазып, кумир тутуп жашады. Алымдын китепканасы ушундай мастерлердин колго тийгис китептерине өтө эле бай болчу. Алым менен Шербет эл сыяктуу эле “Эрди- катын урушат, эртең кайта табышат” деп кыжылдашып урушкан, ыжылдашкан, бирок эч качан алар акча, дүнүйө талашып урушкан эмес. Урушса “Пастернак антип жазган эмес, Рильке минтип жазган деп, Анна Каренинаны Толстой өлтүргөн, Пушкинди Данте эмес, атак-даңк өлтүргөн деп” урушкан. Алым Пастернакты катуу кадырлап, катуу сүйчү, Пастернакты акындардын баарынан, балким Шербеттен да катуу сүйгөн болушу керек.
Кезинде Кет Бука келди дегенде опол тоо келсе да козголбогон Чыңгызхан ордунан туруп тосуп, төрдөн орун берди деген уламыш бар. Бир кезде мага интервью берген эл акыны Рамис Рыскулов Жеңижоктун жети сабын орус тилине которуп окуп берсем, батыштын 70 акыны чалкасынан кетти, “О кудая тобо, ушундай дагы ыр саптары болот экен” деп айтып берди эле. Ошол Алыкебиз пир туткан Пастернактын, Шербет эжебиз кумир туткан Цветаеванын кумири немис элинин улуу акыны Райнер Рильке баары таптаза, айылы шаардай таза, такыба, мышыгынан бери таптаза, тыкан жашаган цивилдүү Германиядан Сибирге келген Рильке ай-тарабы албаалап-далбаалап, ачылып-чачылып жаткан айыл-кыштактарын көргөндө, бармактай бадыраң менен салосун жеп жаткан мужиктери менен кез келгенде, ичинде кылдай кири жок, ачык –айрым орус калкын жанындай жакшы көрүп калыптыр. “Слово о полку Игореве” деген чыгармасын окуганда такыр кеткиси келбей, Россияда жашап калгысы келген. Бирок ар кандай себептерден улам жашаган эмес.
Биздин Жеңижоктун жети сабын окуган батыштын 70 акыны чалкасынан түшсө, мен өзүмчө ойлойм, Саякбай менен Сагымбайдын “Манасын” окуган немистин 70 эмес, 700 Рилькеси мүрт кетмек экен деп. Ошол өзүбүздүн чапанчан, кызыл жүз, кымыз жыттанып, кара саңсаң тебетей кийип дөңдө олтурган Кет Бука, Калыгул менен Арстанбек, Сагымбай менен Саякбайдын, Барпы менен Жеңижоктун фонунда мен үтүктөлгөн костюм-шым, ак көйнөк, бутунда жалтылдаган кара туфли, мойнунда кара “бабочка” тагынып, арык, кубакай жүз, ийнинде жээрде кайыш сумкасы, башында чаар кепкасы бар, арык, манжалары ипичке, чылымды кыйшайта тиштеп, түтүндү түрүлтө үйлөп, аларга салам айтпай, балким салам айтып өтүп бараткан кыл мурутчан Алыкени эстей берем. Бизде да Пастернакты эмес, Алымды туурап жазгандар, Цветаеваны эмес, Шербетти туурап жазгандар пайда болду. Алымдын өзүнүн шакирттеринин мектеби түзүлдү, анын бири деп өмүрү кыска болгон, дагы бир таланттуу акын -Жолдошбек Зарлыкбековду айтар элем. Жолдошбек музоонукундай көздөрүн жайнатып келатканда анын ичи-сыртын жакшы билгендер анын кайдан, кимден келатканын айттырбай билип алаар элек. Анысын өзү да жашыра албай, “Алым жездемкинен келе жатам” деп айтып жиберер эле. Жолдошбек Шербет менен бир айылдан, Кочкордун Кара-Суусунан, Кочкордун Кара-Кужурунан болчу. Жолдошбекти жолдон тосуп алып “жөн келаткан жоксуң” деп демитсек, анын койнунан Алымдын үйүнөн “көрсөтпөй” көтөрүп келаткан, биз билбеген, биз көрбөгөн китептери чыкчу. Андан кийин Жолдошбектин каны Пастернак, жаны Алым жыттанган жаңы ырлары жайнап жазылаар эле.
Алыкул, Айтматов, Байдылда Манас менен сүйлөсө, Алыке Пастернак, Мандельштам менен сүйлөчү, ал эми Жолдошбек болсо Алым менен сүйлөчү. Көрсө бул деген жашоонун, жаңылануунун, өсүп-өнүгүүнүн диалектикасы экен. Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев менен канат кагып чыккан кыргыз поэзиясы улам жолун ачкан сайын жаңы сөз, жаңы үн, жаңы кийим кийгиси, жаңыланууга умтулгусу келгени жашоонун мыйзам ченеми, жан дүйнөнүн талабы экен.
Алым чечилип өзү тууралуу айта бергенди жакшы көрбөгөнү менен, ичип алганда айылда кой да, уй да кайтарттырбай, кара жумушка аралаштырбай, Кайырмага кадыры сиңген чоң апасы тууралуу айтып калаар эле. Непадам анын баласына тийгендер болсо, байланып турган атка минип, артына Алымды учкаштырып, колуна союл алып чаап барып, “ушу чычкандай баладан башканы таппай калдыңарбы” деп айылды ары-бери аңтарып жиберээрин айтканын укканбыз. Чоң апам айылдагылардын баары сөзүн эки кылбаган кадырлуу аял болчу деп айтканын укчубуз. Алымдын чыныгы турмушту турмуштан издебей, китептен издеп калганы да ушундан улам болуш керек деп ойлой берем. Рилькенин “Ал дарак өзүнөн да бийик өстү” деген ырын Мария Цветаеванын ушинтип өзүнөн да бийик өсүп кеткен дарактар да болот, алар өсүп чыкканча жерден кудай жардам берет, ал эми жети катар асманга жетип алган соң кудай аны өстүрөм деп убара болбой калат деп айтканы бар. Алым Токтомушев да ошол дарак өңдүү эмгегин бизге таштап, өзү жети катар асманга жетип кеткендей элес калтырат.
Алыке ушул жаңы заман келгенде башкача бир ачылды. Алымды адабий чөйрөдө акын, адабиятчы катары билишсе, жаңы доордо Алыке а кездеги “Асаба” гезитине келип иштеп калды. Мелис Эшимканов башкы редактор болчу. Мелистин “чутьесу”, ички сезимдери укмуш эле. Алыкени экономика темасында, саясий темада жазып көрүңүз деди. Бирок андай теманы жазбайм деди. Акыры Алым экономист –журналист, публицист журналист болуп чыга келди, саясаттын тишин чаккан журналист катары ачылды.
Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕК уулу