www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-28-июль күндөрү Санкт-Петербургда өтүп жаткан Орусия-Африка саммити Батышта тынчсызданууну жаратты. Бул тууралуу «Известиянын» кабарчысы Николай Иванов 28-июлдагы макаласында билдирди.
Ал Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июлда африкалык лидерлер менен эки өлкөнүн бардык деңгээлдеги, анын ичинде айыл чарба, медицина жана билим берүү тармагындагы кызматташуусун талкуулаганын эске салды. Өз кезегинде африкалык лидерлер кысымга карабастан, аларды тең көргөндөр менен кызматташа турганын баса белгилешти. Батышта, Ивановдун айтымында, бул билдирүүлөр абдан тынчсыздануу менен кабыл алынган.
Германиянын Spiegel басылмасынын журналисттери саммиттин Африка континентине тийгизген таасири тууралуу айтып, шарттар көбүнчө Африка өлкөлөрү тарабын коюлуп жатканын жазышты.
«Орусиядан тышкары бардык ири державалар Африка континентинде таасир жана чийки зат үчүн күрөшүп жатышат. Шарттарды көбүнесе африкалыктар өздөрү коюп жатышат, ал эми бул жаатта Европа барган сайын ийгиликсиз болуп баратат», — деп жазган газета.
Немистердин Deutsche Welle деп аталган басылмасы Африканын Россия Федерациясы менен кызматташууга умтулуусунун себептерин атаган.
«Убагында СССР африкалык көптөгөн өлкөлөрдүн боштондукка чыгуу күрөшүндө алардын тарабында турган. Африкалыктардын Москвага болгон оң мамилесинин сыры ушунда жатат», - деп белгилешти материалдын авторлору.
Ошол эле учурда, саясат таануучу Даниэль Ковалик белгилегендей, АКШ украиналык жаңжалдан пайдаланып, көптөгөн африкалык өлкөлөрдү Орусиядан баш тартууга көндүрүүгө аракет кылган.
«Украинадагы жаңжалдан пайдаланып, АКШ Африканын көптөгөн өлкөлөрүн Орусиядан баш тартууга мажбурлоого аракет кылды. Түштүк Африка жана башка африкалык өлкөлөр ага макул болгон жок», - деди эксперт.
Бир күн мурун британиялык көз карандысыз журналист Майк Жонс «Известия» гезитине берген маегинде Батыш Орусия-Африка саммитинин геосаясий кесепеттеринин масштабын жана таасирин атайылап этибарга албай жатканын айткан. Ал белгилегендей, 54 Африка өлкөсүнүн 49у Батыш өлкөлөрүнүн санкция коркунучуна карабай саммитке катышкан.
Белгилей кетсек, 27-28-июлда Санкт-Петербургда Орусия-Африка саммити жана экономикалык жана гуманитардык форум өтүүдө.
Булак: NazarNews.kg