www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси журналисттерге Орусиянын президенти Владимир Путин менен дагы бир жолу жолуккусу келгенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Ошентип үмүттөнөм. Мен бул нерсенин мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашаарына ишенем», - деп жооп берди ал Орусияга баруу жана өлкөнүн президенти менен кайрадан сүйлөшүү жүргүзүү пландары тууралуу суроого.
Эске салсак, Путин 11-октябрда Гросси менен жолуккан. Орусия президенти маселени Запорожье атомдук электр станциясы (ЗАЭС) менен кароого чакырып, Москва баардык маселелерди чечүүгө ачык экенин белгилеген.
«Албетте, биз бүгүн өзөктүк ишмердүүлүккө байланыштуу бардык нерсени ашыкча кооптуу саясатташтыруунун элементтери бар экенин көрүп турабыз», - деп баса белгилеген Путин.
Булак: NazarNews.kg