www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин Ейск районундагы аскердик учак кырсыгынан жабыркагандарга тиешелүү жардам көрсөтүү тапшырмасын берип, Краснодар аймагынын губернаторуна, ӨКМ башчысына жана саламаттык сактоо министрине окуя болгон шаарга барууну буюрганын Кремлдин маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды.

Ага ылайык, президент аталган кырсык боюнча бардык министр, аймак жетекчилеринин докладдарын уккан.

Бул окуя боюнча Орусиянын тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Кырсык болгон жерге аталган ведомствонун борбордук аппаратынын криминалисттери чыгып кеткенин кабарлашты. Аскерий тергөөчүлөр окуянын келип чыккан себебин аныкташмакчы. Краснодар аймагынын губернатору Вениамин Кондратьев тогуз кабаттуу үйдүн 17 батирине зыян келгенин өзүнүн Telegram каналында кабарлады.

"Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, учак кулап, 9 кабаттуу үйдө өрт чыккан. Азыркы маалыматтарда 17 батир зыян тартканы айтылууда. Үйдүн жашоочулары үчүн жардам кылуу жайлары ачылды, бардыгына көмөк көрсөтүп жатабыз. Каза тапкандар боюнча маалыматтарды тактайбыз. Кырсык болгон жерде Тез жардам кызматы иштеп жатат", — деп айтылат кабарда.

Соңку маалыматтар боюнча, учак кырсыгынан үч адам каза болуп, 15 киши жабыркаган. Жабыркагандарга райондогу борбордук ооруканадан операция үчүн сегиз жана жандандыруу бөлүмүнөн 11 койка ачылды. Учурда учак кулаган үйлөрдүн жашоочуларын эвакуация кылуу иштери уланууда.

Эске салсак, 16-октябрда Орусиянын Краснодар аймагына караштуу Ейск шаарындагы турак жай кварталдарынын бирине Су-34 бомбалоочу истребители кулады. РФтин Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Су-34 машыгуу иштери учурунда тапшырманы аткаруу үчүн асманды көздөй күү менен көтөрүлүп бара жатканда кырсыктаган. Бомбалоочу истребителдин учкучтары коопсуздук чараларын көрүп, чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости