www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маңгыстау облусунун маслихатынын депутаты Ербол Айтуов Актау шаарындагы жеке клиникада жасалган пластикалык операциядан кийин каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, депутат ээгиндеги ашыкча майды алдыруу үчүн ментопластика операциясына кайрылган. Ал операция алдында анализдерди тапшырып, быйыл 4-апрелде операция жасаткан.

Кийинчерээк текшерүү толук жүргүзүлбөгөнү жана анын канындагы канттын деңгээли жогору болгону аныкталган. Мындай учурда операция жасоо кооптуу деп эсептелет.

Маркумдун жубайынын айтымында, операция учурунда Ербол Айтуовдун абалы кескин начарлап, кан басымы менен кант көрсөткүчү көтөрүлгөн. Натыйжада инсульт алып, комага түшкөн. Ал бир айга жакын комада жатып, эсине келген эмес.
Ошондой эле операция жасалган клиника бир катар мыйзам бузуулар менен иштеп келгени маалым болду. Маркумдун жубайы күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды.

Маңгыстау облусу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жана фармацевтикалык көзөмөл комитети жүргүзгөн текшерүүдө клиникада бир катар олуттуу кемчиликтер аныкталган. Атап айтканда, операция бөлүмү талаптагыдай жабдылган эмес, айрым жабдуулардын мөөнөтү өтүп кеткен, анафилактикалык шок учурунда колдонулуучу шашылыш жардам каражаттары жок болгон.

Мындан тышкары, клиника стационардык жардам көрсөтүү талаптарына жооп бербегени жана чоңдор үчүн анестезиология жана реаниматология боюнча лицензиясы жок экени белгиленди.

Учурда бул окуя боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүрүп жатат.

Маңгыстау облусунун Полиция департаментинин басма сөз кызматы билдиргендей, 49 жаштагы депутаттын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган ар тараптуу жана объективдүү сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Последние новости