www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-майда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Эки мамлекеттин башчылары достук маанайда кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ынак коңшулук, өз ара түшүнүшүү жана достук духундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо келечегин талкуулашты.

Кыргыз-тажик кызматташтыгынын негизги багыттар боюнча өнүгүүсүнүн оң динамикасы канааттануу менен белгиленди. 

Мамлекет башчылары мурда жетишилген мамлекеттер аралык макулдашууларды иш жүзүнө ашырууну улантуунун маанилүүлүгүнө токтолушуп, ошондой эле саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары алдыдагы жогорку деңгээлдеги, анын ичинде көп тараптуу форматтардагы жолугушуулардын графигин карап чыгышты. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын алдыдагы саммитине өзгөчө көңүл бурулду. 

Президенттер ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги айрым маселелер боюнча пикир алмашышты.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында мамлекет башчылары өз ара сый-урмат, ишеним жана колдоо принциптерине негизделген кыргыз-тажик мамилелерин мындан ары чыңдоого берилгендигин ырасташты.

Последние новости