www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 22-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Польша Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда саясий консультациялардын кезектеги раунду болуп өттү. Бул тууралуу ТИМнин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү, ошондой эле жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Гуманитардык багытта тараптар маданият, билим берүү жана илим тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкек жана Варшава шаарларында биргелешкен маданият күндөрүн өткөрүү демилгесин колдошту.

Мындан тышкары, делегациялар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, эл аралык уюмдардын алкагындагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин карап чыгышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-польша өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоо жана үзгүлтүксүз саясий диалогду колдоо, анын ичинде эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы практикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча өз ара милдеттенмелер ырасталды.

Последние новости