www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК менен Татарстандын «Сетевая компания» АК ортосундагы кызматташтык келишимин ишке ашыруунун алкагында, 19-21-май күндөрү Татарстан Республикасынын алдыңкы энергетикалык ишканаларынын делегациясы Кыргызстанга иш-сапары менен келди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди.
Иш сапардын максаты — эки тараптуу байланыштарды чыңдоо, кесиптик тажрыйба алмашуу, өлкөнүн негизги энергетикалык инфраструктурасы менен таанышуу жана Каракол шаарында курула турган чыңалуу алдында иштөөнү үйрөткөн заманбап окуу борборунун, окуу-машыгуу полигонунун жери менен таанышуу болду.
Делегацияны КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев коштоп, Кыргызстандын энерго объектилерин тааныштырды.
Делегациянын курамын Татарстандагы алдыңкы компаниялардын бири «Сетевая компания» ишканасынын башкы директору Ильшат Фардиев, «Сетевая компания» АКсынын башкы директорунун орун басары – курулуш боюнча директору Мазитов Азат Ильгизович, «Искра – Волга» технопаркынын жетекчиси Галимуллин Нияз Рафилович, «ЭнергоРазвитие» башкаруучу компаниясынын башкы директору Газетдинов Раиль Фанисович толуктады.
Иш сапардын жүрүшүндө Чүй, Ысык-Көл облустарындагы жана борбор калаанын негизги энергетикалык объекттерин камтыды:
• 500 кВ «Кемин» көмөк чордону: Делегация мүчөлөрү Кыргызстандын бүтүндөй энергетикалык тутумунун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылган бул стратегиялык түйүндүн иши менен таанышты.
Борбор калаа жана Чүй облусу: Делегация Чыгыш РЭСке жана Бишкек ЭТИнин өндүрүштүк аянтчасына жана «Мурас», «Ала-Арча» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорун көрүп чыгып, алардын учурдагы техникалык жабдылышы жана заманбап жабдуулары менен таанышты.
• Ысык-Көл облусу: Аймактагы иш сапардын алкагында делегация мүчөлөрү Түп РЭСине жана Ысык-Көл электр тармактар ишканасына барышты. Андан тышкары энергиянын кайра калыбына келүүчү энергетика секторуна көңүл бурулуп, коноктор облуста курулуп жаткан «Юнигрин» күн электр станциясынын иши менен таанышышты.
• Инфраструктура жана окутуу: Чет элдик адистер Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын окуу-машыгуу полигонун, курулуп жаткан жабык полигонду жана жатакананы көрүп чыгып, жергиликтүү энергетиктерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн түзүлгөн шарттарга жогору баа беришти.
Тараптар тармактык инфраструктураны модернизациялоо, автоматташтыруу, инженердик кадрларды биргелешип окутуу маселелерин кеңири талкуулашты. Бул сапар энергетика тармагындагы кыргыз-татар өнөктөштүгүн иш жүзүндө ишке ашыруунун маанилүү баскычына өткөнүн айгинелейт.
Эске сала кетсек, бул демилге Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев тарабынан көтөрүлүп, Казань шаарында «Сетевая компания» ишканасынын башкы директору Ильшат Фардиев жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев келишимге кол коюшкан.
Окуу борбору курулуп бүтүп калса, Кыргызстан Борбор Азиядагы энергетика тармагында билим берүүчү негизги борборго айланып, Казакстан, Тажикстан, Түркменистан жана Өзбекстан сыяктуу коңшу өлкөлөрдүн жаш адистери келип, бул жерде квалификациясын жогорулатышат.
Натыйжада өлкөдө кадрлардын кесипкөйлүүлүгү жогорулап, энергетика тармагы коопсуз жана заманбап деңгээлге көтөрүлөт. Бул долбоор — жөн гана курулуш эмес, бул Кыргызстанды аймактык лидерге айланта турган стратегиялык кадам болуп саналат.