www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Май куюучу жайлар жабылууда

Тажикстанда борбор шаары Душанбеде күйүүчү май жетишпей баалар эки эсеге кымбаттады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөдө күйүүчү май кризиси курчуп баратат. Ал эми май куюучу жайларда бензин жоктугунан баалар көтөрүлгөн. Тажикстанда күйүүчү май соңку эки жуманын ичинде 12%га кымбаттаган.

Мындан улам, Тажикстанда эң арзан бензин 67 сомдон, ал эми көпчүлүк жерде 90 сомдон жогору сатылып жатканы айтылат.

Кыргызстандан чийки мунайды жана мунай заттарын өлкө тышына экспорттоого тыюу салуу буйругу коңшу өлкөнүн айрым аймактарында бензин тартыштыгын жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости