www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Душанбе шаарынын Сино райондук соту 12 жаштагы кыз менен нике кыйган 46 жаштагы Давлатманд Касиров аттуу жергиликтүү тургунду үч жылга эркинен ажыратты.
Сотто кыздын укугун коргогон «Укуктук демилге» коомдук уюмунун адвокаты айыпталуучу «Жашы жете элек кызга карата ыплас аракеттерди жасоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылганын билдирди.
Касировдун жакындары ал сотто «кыз менен жыныстык катнашка барбаганын», өкүмгө макул эмес экенин айтканын билдиришти. Анын адвокаты өкүм боюнча шаардык сотко даттанып, бирок аны жокко чыгара алган эмес.
Былтыр августта Тажикстандын Ички иштер министрлиги Давлатманд Касиров 12 жаштагы кызды алдап, ата-энесине айтпай диний никеге турганын кабарлаган.
Тажикстандын мыйзамдарына ылайык, кыздар 18 жашка толгондон кийин гана турмушка чыга алышат.
Булак: NazarNews.kg