www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Мырзакматовдун саясий карьерасы сыноодо турат

«Улуттар Биримдиги» партиясы менен Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна аттанган Мелис Мырзакматов алдын ала нааразычылыгын айта баштады. Сыягы, марага жетпей калаарын сезип жатат окшойт. «Ошто шайлоо таза өтпөйт» деп айгай салууда. Бул жолку таймаш деле белгилүү. Эч кандай өзгөрүү жок. Акчалуулар алдыга чыгат. Башынан эле ошол.

Бишкекте, Ошто, дегеле бардык аймактарда ушундай... Эгерде Мелис Мырзакматов «Улуттар Биримдигин» Ош шаардык кеңешине өткөзө албаса, анда күздөгү парламенттик жарышка үмүт кылбай эле койсо болот. Ошол бойдон саясий карьерасына чекит коюлат. «Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз» дегендей, күтө туралы да...

Булак: Азия News гезити

Последние новости