www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда мунайчылар айлык акысынын көтөрүлүшүн талап кылып иш ташташты. Актөбө облусундагы «КМК Мунай» ишканасынын 200дөй жумушчусу айлык акыдан сырткары жатакананы бургулоочу жерден алыс көчүрүүнү, тамак-аштын сапатын көтөрүүнү, профсоюздун ишин жакшыртууну жана иш таштагандарды куугунтуктобоону талап кылды.

Алардын айтымында мунай ишканасынын президенти айлык акыны 20% көтөрүүгө макул болгон. Бирок жумушчулар 100% жогорулашын көздөшөт.

Бул ортодо жергиликтүү бийлик 25-январдан бери мунайчылар менен компаниянын жетекчилиги орток пикир таба албай жатышканын билдирди.

Белгилей кетсек, 400дөй адам иштеген «КМК Мунай» компаниясы 2004-жылы негизделген. Сайтындагы маалыматка караганда Актөбө облусундагы бир нече мунай кенин иштетүүгө келишим түзгөн. Компаниянын акционерлери болуп Панамада катталган «Yukon Energy Holding S.A» компаниясы жана «СНПС-Актобемунайгаз» казак-кытай ишканасы эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости