www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үйдүн алдына келген бир нече аял экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу талабын коюп митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазган.

Акцияга чыккандар Жээнбековду пандемия учурундагы адам өлүмүнүн саны көбөйүп кеткенине айыптап, анын бир тууганы Асылбек Жээнбеков экөөнү камакка алууну талап кылышты.

Алар, ошондой эле, экс-президенттин инаугурацияга чакырылышына каршы болушту.

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтмөкчү. Иш-чарага миңден ашык конок чакырылды.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости