www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши жылдырылды

Кесипкөй бокстун мурдагы дүйнө чемпиондору Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши 28-ноябрга жылдырылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, беттеш трансляциядан түшүүчү кирешени көбөйтүү максатында Тайсондун командасынын демилгеси менен жылдырылганы айтылат. Ал арада Жонс да Тайсондун өкүлдөрү менен жолугушуудан соң макулдук берген.

Апрель айынын соңунда Темир Майк кайрымдуулук үчүн рингге чыгууга даяр экенин жар салган болчу. Тайсон акыркы жолу 2005-жылдын июнь айында ирландиялык Кевин Макдрайт менен беттешке чыгып, жеңилүү ызасын тарткан.

Майк Тайсон 54 жашта. Ал 58 жолу рингге чыккан. 50 атаандашын жеңген, анын 44үн нокаут менен уткан. Алты жолу утулган. Эки беттеш өтпөй калган. Ал кесипкөй бокстун Дүйнөлүк мушкерлер кеңеши, Дүйнөлүк бокс ассоциациясы жана Эл аралык бокс федерациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости