www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майлуу-Суу шаарынан баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында баңгизатын сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-январь күнү Майлуу-Суу ШИИБинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү тарабынан “А” аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сактап, колдонуп жүрөт деген маалымат алынган.

--"Аталган маалымат боюнча топтолгон материал ошол эле күнү Майлуу-Суу ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Майлуу-Суу ШИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, ошол эле күнү болжол менен саат 22:30 чамасында Майлуу-Суу шаарынын тургуну 1967-жылы туулган С.А. өзү кийип жүргөн кара түстөгү курткасынын оң чөнтөгүнөн 2 даана баштыкка оролгон жашыл түстөгү затты мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен кармалган. Анын үйүн тинтүүгө алганда жалпы салмагы 715 грамм болгон жашыл түстөгү өзгөчө кескин жыты бар баңгизатына окшош затты мыйзамсыз сактап, колдонуп жүргөндүгү аныкталган.

Алынган заттарга тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүдөн алынган зат марихуана баңгизаты экендиги такталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү 2 айлык мөөнөт менен камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости