www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын Лион шаарында дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Бул тууралу The Guardian басылмасы жазды.

Трансплантация 13-январда Эдуард Эррио атындагы клиникада жүргүзүлдү. Операцияга даярдык көрүүгө 50 ак халатчан тартылса, аны жасоого медиктердин төрт бригадасы катышып, колдорду «жамоо» 15 саатка созулган.

48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жылы мурда электр тогуна урунуп, эки колунан тең ажырап калган. Андан бери ондогон операция жасаткан. Бейтап Лионго 2013-жылы операция жасатууга уруксат алгандан кийин көчүп келген. Бирок донорду издөөгө бир нече жыл кеткен. 

Операциядан кийин оң колу сол колуна караганда батыраак калыбына келерин айтышкан. Себеби сол жак ийиндин бардыгын калыбына келтирүүгө туура келген.

Азырынча Феликс Гретарсон колдору менен өз алдынча кыймылдай албайт.

Тогуз күндөн кийин исландиялык киши клиникадан биринчи видео кайрылуусун жасап, дарыгерлердин бул керемет ишине эбегейсиз ыраазылыгын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости