www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майлуу-Сууда санитардык нормалар текшерилди

Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында шаар аймагындагы базар, соода борборлору, чакан дүкөндөр текшерилип, санитардык нормалардын сакталышы көзөмөлгө алынды.

Тиешелүү нормаларды сактабаган жактарга келтирилген кемчиликтерди жоюу талаптары коюлду. Милиция кызматкерлери жарандарды оорудан сактанып, медициналык каражаттарды колдонууга чакырышты. Аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, антисептикалык каражаттарды ар дайым жанына алып жүрүү учурдун талабы экендиги жеткирилди.  

  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости