www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул аптада Ысык-Көл областтык МАИ кызматында иштеген Бакыт Жукалаев деген эргул Боом капчыгайында жайгашкан кафелердин биринде курсагын кампайтып тойгузган соң тамак ичкен идишке үстөлдүн үстүндөгү ыпыр-сыпырды чогултуп салып, кафе кызматкерин чакырып көргөзүп, жыйынтыгында акчасын төлөбөй туруп куйругун түйгөн боюнча чыгып баратканы тартылган видео тараган эле. Социалдык тармактарда буга өтө негативдүү пикирлер жайылып, коомчулукту абдан кабатыр кылды.
Ичкен тамагына төлөбөгөн кызматкердин кылыгына жалпы элдерге түкүрдү. Чындыгында эле өтө уят иш болду. Арийне, ушундай «ириткилердин» айынан жалпы формачандардын дарегине нааразылык күчөп, бийликтин аброюна көлөкө түшүп жатканы эч кимге жашыруун эмес, Муну сезген ИИМ Жукалаевди иштен алып, «Кызматкердин жүрүм-туруму укук коргоо органдарынын өкүлүнүн этикалык кодексине туура келбейт, жалпы милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына, беделине көлөкө түшүрдү.
Мунун айынан коомчулукта укук коргоо органдарына нааразычылыктар жаралды» деген билдирүү таратты. Айтмакчы, ошол маалда Жукалаевдин жанындагы жарандык кийим менен жүргөн киши өзүнүн жетекчиси, Ысык-Көл аймагын тескеген Эмил Жакыпов эксндиги аныкталды. Кой дегенге жарабаган бул жетекчи сорөй дагы жазаланыш керек го...Ким билсин буларың буга чейин канча жолу «адал» тамактангандыгын...
Булак: "Де Факто"