www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө депутат Айсулуу Мамашова Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм боюнча маселе көтөрдү.
Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги балдар үйүндөгү өспүрүмдөргө көңүл бурбайт жана алар каза болуп калса, көз жумуп, маалыматты жашырууга аракет кылышат.
«Эмне үчүн мындай кылышат? Бул эмне менен байланыштуу? Эмне үчүн көңүл буруп, тиешелүү органдарга айтышпайт?», - деп суроо салды Мамашова.
Ал балдар үйүнүн директору Игорду ооруканага алып баруу үчүн 1 саат коротконун белгиледи.
«Эмне үчүн 15 мүнөттүк жолго 1 саат коротот? Ал өспүрүм жолдон каза болгончо күтүп турдубу?», - деди депутат айым жана балдар үйүнүн жетекчисин кызматтан алууну талап кылды.
«Эмне үчүн өспүрүмдү ооруканага алып барыш үчүн директорду күтүп турушту? Бала жетим болсо, аны эч ким коргобош керекпи? Биздин өлкөдө эмне болуп жатат? Билим берүү жана илим министрлигине дагы чара көрүш керек», - деди Мамашова.
Ал маркум Игорду өлтүргөн бала күнөөнү мойнуна алганын кошумчалады.
«Бирок бүгүнкү күндө башкача көрсөтмө берип баштаптыр. Игорду асырап алышмак экен. Бирок бүгүнкү күндө эмне болду? Игорду сабаган бала көрсөтмө берип жатса, эмне үчүн экспертиза зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилер жок деп корутунду чыгарды? Бул жерде ИИМге дагы суроо бар. Эмне үчүн тергөө органдары мындай корутунду чыгарышты? ИИМ окуя болгон жерге барган кызматкерлерге да чара көрүшү керек», - деди Мамашова.
1-июнда Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 6-класстын окуучусу Игорь Якунин көз жумган. Бирок бул тууралуу 8 күндөн кийин гана белгилүү болгон.
Райондук билим берүү башкармалыгы Игорь жүрөк оорусунан улам каза болгонун билдирген.
Бирок Игорду чет өлкөлүк жарандар асырап алышмак. Медициналык текшерүүдөн өткөндө ден-соолугунан эч кандай көйгөй чыккан эмес.
Булак: NazarNews.kg