www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бир катар одоно катачылыктар көп. Бул тууралуу Майрамбек Жунусов жазып чыкты.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы-бул жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарына жараша жана жоопкерчилик менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү жана ошондой эле Мамлекеттик органдар мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз деп Конституцияда белгиленген.

Азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбоору Баш мыйзамга туздөн-түз каршы келет жана өз алдынчалуулук принцибин бузат. Эмнеге дегенде дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөгү шаарларында шаар башчылары түздөн- түз эл тарабынан шайланат же кыйыр түрдө эл өкүлдөрү тарабынан шайланышат.

Маселен Россиянын чон шаарларында эл тарабынан шайланат. Ал эми Казакстанда эл өкүлдөрү тарабынан шайланышат.2021-жылдан баштап Казакстанда акимдер эл тарабынан шайланмай болууда. Мунун себебин эл тарабынан шайланган мэр же акимде көбүрөөк жоопкерчилик болоору менен түшүндүрүшүүдө. Ал эми Кыргызстан артка кайтып мэрди аким тарабынан альтернативсиз дайындоо сунушталууда.

Мисалга ала турган болсок Нарын шаары облустук макамы бар шаар. Шаардын мэрин райондун акими дайындаса кандай болуп калат? Нарында беш район болсо кайсы райондун акими мэрди дайындайт? Аким шаардын башчысын дайындаса, демек шаарга да жооптуу болуусу керек. Мыйзам долбоорунун 30-беренесинде Мэр Аким менен биргеликте бюджеттин долбоорун жана социалдык-экономикалык өнүүгү программасын шаардык кенешке сунуштайт деп көрсөтүлгөн.

Мындай шартта кимиси жооптуу болоору белгисиз. Мындан тышкары, 1000 адамга бирден депутат болуш керек деген норма сунушталууда. Мындай шартта Нарын шаарына 45 депутат туура келет экен. Канчалык денгээлде туура экендиги белгисиз.

Айтор мыйзам долбоорунда бир катар одоно катачылыктар көп. Эн башкысы бул мыйзам долбоору Конституцияга каршы келет жана Өз алдынчалуулук принцибин бузат. Мунун аягы эмне менен бүтөрүн убакыт көрсөтөөр», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости