www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште бүгүн 17-июнда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүгө багытталган долбоор каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору боюнча пикирин депутат Дастан Бекешев билдирип, аны кабыл албоого чакырды:

“Бул да Жээнбековдордун мыйзам долбоору. Чындыгында аны депутаттар жазган эмес. Президенттин аппараты жазып берип, депутаттарга берген. Бул долбоор Конституцияга каршы келет”.

Бекешев президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматовго кайрылып, “Президентке бул өтө туура эмес мыйзам экенин айтып койсоңуз” деди.

Калматов депутаттын пикирине төмөнкүчө жооп берди:

“Бул мыйзамды ким жазганын мен билбейт экемин. Силер, депутаттар чечесиңер. Конституциянын 8-беренесинде баары ачык-айкын болушу керектиги жазылып турат. Бул жерде жазык жообуна тартуу деген жок. Конституцияга каршы келе турган эч бир норма жок”.

Мыйзам долбоорунун авторлору – Жогорку Кеңештин Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу. Эгер ал кабыл алынса коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бейөкмөт уюмдар өзүнчө мыйзам кабыл алуунун зарылчылыгы жок экенин, анткени алар ансыз деле дайыма тийиштүү органдарга бардык талаптар боюнча отчет берип турарын айтып келе жатышат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости