www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-июль күнү Өзгөн районунун Зергер айылында 29 жаштагы жигит мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул окуя көпчүлүктүн жүрөгүнүн үшүн алып, карапайым элди дүрбөлөңгө салып турган кези. Жапжаш балдардын колунан бейкүнөө ажал тапкан Майрамбектин апасы улам эсинен танып, үчүнчү наристесин күтүп аткан келинчеги күйүттөн өзүнө келе албай турат. Үй-бүлөнү баскан күтүүсүз кырсык тууралуу маркумдун эжеси төмөнкүлөрдү айтып берди.
-Айнура эже, иниңиздин арты кайырлуу болсун! Майрамбек кандай адам эле?
Мен Майрамбектин атасынын карындашы болом. Аны бала кезинен бери билген жакын эжесимин. Ал төрт бир тууган болчу. Эжеси менен карындашы турмушка чыгып, иниси Екатеринбургда иштеп жүргөн. Майрамбек өмүрүндө бирөө менен бейчеки мушташып, айылдагылар менен жаман-жакшы көрүнүшпөгөн, шайыр-шатман жүргөн, ичимдик ичпеген бала болчу. Бизди 29 жылдан бери бир да жолу жер караткан эмес эле. Ата-энеси өз күчү, адал эмгеги менен эл катары оокат кылып келишет. Өздөрүнүн алына жараша чарбасы бар. Маку тиричиликке тың, бышык бала болчу. Ал райондогу банктардын биринде күзөтчү болуп иштеп келген. Айлыкты карап отура бербейин деп март айында 70 миң сом насыя алып, ал акчага унаа сатып алып бош убактысында айылдан райондун борборуна киши ташып тыйын таап баштаган. Насыясын төлөөрдө карантин башталып калып, үч айга жылдырып берген экен. Ушу август айынан баштап төлөмөк. Тырбалаңдап эптеп оокат кылып, ата-энесин, эки баласын багып атканда бөөдө каза болуп отурбайбы.
-Ал каракчылардын колуна кандайча түшүп калыптыр?
19-июль күнү күзөттөгү жумушуна кеткен. Жумушунан чыкканда кардар күткөн окшойт. Ошондо тигилер “Өзгөн шаарындагы касапканага жеткирип кой” деп унаасына отурушкан. Өздөрүнүн берген көрсөтмөсү боюнча бирөө алдына, экинчиси артына отуруптур. Жеткире турган жери алыс болгондуктан 200 сомго сүйлөшүшкөн, бирок жеткенде алар 150 сом беребиз дешиптир. Иним “болбойт, башында сүйлөшүлгөн акчаны бергиле” дейт. Ошентип кер-мур айтышып уруша кетишет. Алдыда отурган бала менен кыжылдашып атканда артындагысы сумканын курун Макунун мойнуна салып муунта баштайт. Иним ошол жерден эсин жоготуп коюптур. Аны өлүп калды деп ойлошкон окшойт, колу-бутун байлап багажга салып, унаасын бир сутка айдап жүрө беришет. Качан гана унаанын дөңгөлөгү жарылып тамтыгы чыкканда тиги экөө дагы үч досун чакырышат. Анан бешөөлөп Майрамбектин сөөгүн Кара-Дарыяга алып барып, мыкаачылык менен кулагын кесип, көзүн чукуп, манжаларын кесип, өрттөп туруп сууга ыргытышкан экен (ыйлап). Кудай бетин салбасын, мышыктын баласына да андай кыянаттык кылганда дитиң барбайт, кандай адамдын колунан мындай мыкаачылык келет деп эсибиз ооп отурабыз.
-Сиздер ага чейин Майрамбекти издеген жоксуздарбы?
Эртеси күзөттөн чыгып үйүнө келиш керек эле да. Ал күнү жок. Анын эртеси жумушка барышы керек болчу. Жумушунан үйгө чалышып Майрамбекти сурашат. Жумушка кеткен бойдон келе элек дешсе алар да “Майрамбек жумуштан чыгып үйгө кеткен, бизге ачкыч керек эле, издеп атабыз” дешет. Ошондо жеңем дароо милицияга арыз жазып издеп башташат. Келинчеги, иниси телефон чалса өчүк. Башында ойноп кетип калбады бекен деп ойлошуптур. Төрт күн тынымсыз издегенден кийин гана Баш-Коргон деген айылдан өрттөлгөн унаасы табылып отурбайбы. Анда да жамандык ойлобойбуз да. Унаасын бирөө уурдап качып, аягында өрттөп жиберсе керек деп болжодук. Санаага батып мурдакыдан да катуу издеп башташат. 27-июль күнү гана сөөгү суудан табылып отурат.
-Суук кабарды ким угузду?
Милициядан “сөөгү табылды” дешкенде Өзгөн райондук өлүкканага бардык. Ата –энеси ал кезде суук кабарды уга элек болчу. Туугандар чогулуп барганыбызда милиция кызматкерлери улуу байкебизге: “Кайрат кылыңыздар, сөөктү таптык, бирок абдан мыкаачылык менен өлтүрүлүптүр” дешти. Байкем менен жеңем жамандыкты сезип ошондо эле эстерин жогото башташты. 28-июль күнү колубузга сөөктү беришти, беш мүнөт да кармабай дароо жерге бердик. Эң улуу агабыз менен күйөө балабыз сөөктү көргөнү киришиптир. “Эки көзүн оюп, эки кулагын кесип, манжаларын кесиптир, бир буту кызыл ашыгына чейин жок. Эптеп эле өлүкканадан кара чычаланы ороп чыктык” дегенде сөөгүбүз дагы бир жолу сыздады.
-Үчүнчү баласы боюнда бар экенин билип кеттиби?
Уулу 3 жашта, кызы 1,5 жашта, келиндин боюндагысына 3 ай болуптур. “Таттуу жейм десем торт алып келип, оозуман чыкканын аткарып карегим менен тең айланып турчу” деп жубайы боздоп отурат. Боз үй тигип атсак 3 жаштагы баласы “үйдү алгыла, атамдын машинасы токтойт” деп безилдеп чуркап жүрөт. Атасы күндө ошол жерге унаасын койчу экен да. Баланын безилдегенин укканда боз үйдө отурган аялдар дагы бир жолу боздоп, өкүрүп ыйлап аттык. Байкем менен жеңемдин абалы оор, улам тамчылатма дары алып араң жан отурат. Иниси Екатеринбургдан келатат дешти. Жеңем мага ишеним кат жазып берди. Мындан ары сот отурумуна анын атынан мен катышам.
-Тиги балдардын аң-сезими орунда эмес өңдөнөт?
Өзгөндүн борборунда жашаган наша чеккен, көпкөн, түрү суук өзбек улутундагы балдар экен. Ушу күнгө чейин бирөөсүнүн да ата-энеси алдыбызга басып келгенге жараган жок. Бир эл, бир журтпуз, жок дегенде аксакалдары келип алдыбыздан өтүп коюшпайбы. Өзгөн районунун акими, шаардын мэри, имамдар келишти. “Ким биздин көйгөйүбүздү чечип берет?” десек эч кимиси оңдуу жооп бере алышкан жок. 16-17 жаштагы балдар экен. Бирөөсү 15 жашка эми чыгат экен, жашы жете элек деп ал үй камагына чыгарылды. Калган төртөө СИЗОдо отурушат.
-Тергөө иштери кандай жүрүп жатат?
Жанагылардын жактоочусу Диля деген аял балдардын атасынан 80 миң сом акча алыптыр деп уктук. Ошон үчүн жан алакетке түшүп бирөөсүн үй камагына чыгарып отурат да. Эне катары биздин кайгыны жүрөгүнөн өткөрсө болмок. Жактоочу алдык, кийинки жумадан баштап тергөө иштери башталат. Мындан ары да жеңилдиктер карала турган болсо биз кескин чараларга барабыз. Биздин талап – биринчи кезекте баланын кунун төлөшсүн. Мындан ары келинчеги эмне кылып жан багат? Үч баланы кантип бутуна тургузат? Таянган адамы кордолуп өлүп атса мындан ары көргөн күнү кандай болот? Материалдык чыгым катары унаага алган насыясын төлөп, инимдин аялына үй алып беришсин. Башы аман болсо кара жанын карч уруп үй-бүлөсүн жакшынакай эле багып жүрмөк. Мындан сырткары кылган кылмышына мыйзам чегинде жоопко тартылуусун талап кылабыз. Өлүм жазасына тартылса да туура болот деп ойлойбуз.
-Улут аралык жаңжал чыгуу коркунучунда турат деген маалымат чынбы?
Өлөр Майрамбек өлдү, ата-энеси, келинчеги кан жутуп отурат. Жогорудагы айткан талаптарыбызга моюн сунбаса биздин жаштар көтөрүлүп чыгат. Алайдан, Жалал-Абаддан, Оштон, Өзгөндөн, Мырзаке, Куршабдан жаштар жазып жатышат. “Эгер сиздер айткан талаптарды күнөөлүү жак аткарбачу болсо аларды курчап туруп өз билгенибизди кылабыз” деп атышат. Биз улут аралык жаңжал чыгып, бөөдө кан төгүлбөсүн деп сактанып, сабырдуулукка чакырып атабыз. Мусулман калкпыз, мыйзам чегинде чечишели, ынтымакка келели деп күтүп атабыз. Тергөө иштери, соттун чечимине жараша биз да өз аракетибизди көрөбүз.
Анара Дүйшөналиева
Булак: Леди.кж