www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда өзүнүн май-ып баласын кайыр сураганга мажбурлап, бирөөлөргө күнүнө 200 сомго арендага берген факт катталды. Мындан улам анын апасы менен баланы иштетип жүргөндүгү белгилүү болду. Кара-Суу районундагы Нариман айылында жашаган 12 жаштагы майып баласын кайыр сураганга мажбур кылып, башкаларга ижарага берген аялга жана ал баланы иштеткен жарандарга карата кылмыш иши козголду облустук милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз жумуштарга тартууга аракет кылгандарга карата атайын рейд өткөрүшкөн.

Натыйжада жогоруда айтылган факт катталып отурат. Учурда бул окуя боюнча дагы башка жагдайларын тактоо боюнча иштер жүрүүдө. Милициянын рейди учурунда 23 бала мыйзамсыз жумуштарга тартылганы аныкталган. Мындан сырткары, коомдук жайларда, автоунаалардын кыймылына тоскоолдук кылып, кайыр сурагандарга да чаралар көрүлүп жатат. Өспүрүм куракта оор жумуштарга тартылган балдар физикалык же моралдык түрдүү ооруларга чалдыгышы ыктымал дешет.

Ошондуктан өлкөнүн мыйзамдары да жашы жете электерди оор иштерге тартууга каршы. Балларды мындай аракеттерге мажбурлоого богот коюу аракети менен өкмөт эл аралык  жана жергиликтүү бей өкмөт уюмдар аркылуу да иш алып барат. Өткөн жылы “Калктын аялуу катмарларын коргоо жана өнүктүрүү фонду” эрте куракта жумушка тартылган балдарды аныктап, аларга түрдүү багыттар боюнча көмөк көрсөтүп, иштей башташкан. Улуттук статистика комитетинин маалыматтында, 2015 жана 2016-жылдары балдарды жумуштарга тартуу азайганы байкалган. Бирок ошентсе да бул көйгөй кала берүүдө.

Булак: "Майдан"

Последние новости