www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Май айында кыргызстандыктар 9 күн катары менен эс алат

Министрлер кабинети 1-майдан 9-майга чейин эс алуу күндөрүн жарыялоо боюнча токтом долбоорун сунуштады.

Документ Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан иштелип чыгып, министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлду.

"Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк графиги боюнча иштеген кызматкерлер үчүн 1-майдан 9-майга чейин дем алыш күндөрү белгиленет", — деп айтылат долбоордо.

Иш күндөрү кайсы учурга жылдырылат:

4-май (шаршемби) иш күнү 30-апрель (ишемби) дем алыш күнүнө;

6-май (жума) иш күнү 14-май (ишемби) дем алыш күнүнө.

Беш күндүк график боюнча иштеген жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомго ылайык эс алуу күндөрүн жылдыруу сунушталат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости