www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тракторлору менен элге таанылган Бакыт Төрөбаевдин  көксөгөн тилеги министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуш керек эле. Эмне себептен аны жакшылап тыңдап көрүңүздөр.  Жогорку Кеңеште «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясын жетектеп турганда Бакыт Төрөбаев балык кармайм деп кайырмак салып отуруп, бир кумура алып чыгат, ачып жиберсе кумурадан бир жин чыгып:

-Улуу урматтуу мырзам Бакыт Эргешович, миң жылдап жаткан мени бошотконуңуз үчүн сиз эмнени көксөп кааласаңыз үч тилегиңизди орундатам. –дейт.

-Биринчи көксөгөн тилегим министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кыл. Ар кимден  «магарыч» алып койдум эле, кантип кутуларымды билбей турам. –дейт.

- Ляппай, таксыр, буюрса жазында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болосуң.- дейт жин сакалынан тал алып сындырып.

-Экинчи көксөгөн тилегим Кыргызстандагы эң бай адам болгум келет.-дейт Бакыт Төрөбаев.

- Ляппай, таксыр, күзүндө министрлер кабинетинин төрагасы болосуң. Анан каалашыңча акча чогултуп алып байый берсең болот.– дейт жин сакалынан тал алып сындырып.

-Үчүнчү көксөгөн тилегим президент болгум келет.-дейт.

Караса эле жин кумурага кирип баратат имиш, Бакыт Төрөбаев аны эптеп токтотсо ал:

-Азыркы президент болгону үчүн Эдил Байсалов экөөңөр министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп жүрөсүңөр. Башка бирөө президент болсо, экөөңөрдү көчүктөн ары тээп кубалап чыкмак. –дейт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости