www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Май майрамдары. ИИМ жарандарды сак болууга чакырат

Алдыда келе жаткан май күндөрүндөгү майрамдарда жана эс алуу күндөрүнө байланыштуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, укук бузуулардын жана ар кандай окуялардын алдын алуу максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Ички иштер министрлиги жарандарды коомдук тартипти сактоого жана мыйзам талаптарын так аткарууга чакырат. Ошону менен бирге, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда жаралган маселелерди сабырдуулук жана өз ара түшүнүшүү аркылуу чечүүгө чакырабыз!

Эс алуу күндөрүндө коомдук жайларда жана эс алуу аймактарында коопсуздук чараларын сактоо зарыл. Балдарды кароосуз калтырбоо, суу жээктеринде жана тоо этектеринде өзгөчө этият болуу сунушталат. Мындан тышкары, жаратылышка аяр мамиле кылып, жол кыймылынын эрежелерин так сактоо маанилүү.

Ички иштер министрлиги бардык жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Последние новости