www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Майлуу-Суу шаарынын 31 жаштагы тургуну сегиз жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган. Анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан сот аны актады. Ал адам моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом талап кылууда. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абаддагы «Акыйкат” уюмунан билдиришти.
Укук коргоочулардын айтымында, 28-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аталган жарандын доо арызын жарым-жартылай канааттандырып, 100 миң сом компенсация өндүргөн. Анын кызыкчылыгын уюмдун юристи Алмаз Ибраимов коргоду.
Бул окуяны кененирээк укук коргоочулар айтып беришти. 2020-жылдын 9-сентябрында милиция кызматкерлери тарабынан сегиз жашар кызды зордуктаган деген шек менен Майлуу-Суу шаарынын тургуну М.Н. кармалган. Аталган адам шаардык убактылуу кармоочу жайга киргизилип, андан соң Ош шаарындагы СИЗОго которулуп, бир жылга жакын кармалып турган.
Алмаз Ибраимовдун айтымында, тергөө М.Н.ны жетиштүү далилдерсиз өзгөчө оор кылмыш жасаган деп айыптаган. Адам өзү кармалгандан бери күнөөсүн мойнуна ала элек.
Адвокат М.Н 2-топтогу майып экенин белгиледи. Анын эки бутунун тубаса майыптыгы бар. Ал эми адамдын өзүнүн айтымында, анын физикалык абалы мындай зомбулукка жол бербейт.
• 2021-жылдын 23-августунда Майлуу-Суу шаардык соту тарабынан М.Н.нын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан актоо өкүмү чыгарылган. Ал киши бошотулган.
• 2022-жылдын 17-январында Жалал-Абад облустук соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырып, прокуратуранын даттануусун канааттандырган жок.
• М.Н реабилитациялоо укугун таануу жөнүндө сотко кайрылган жана 2022-жылдын 20-ноябрында Майлуу-Суу шаардык соту ага мындай укукту берген.
• 2023-жылдын январь айында М.Н., мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мыйзамсыз камакка алуу үчүн моралдык зыяндын ордун толтуруу иретинде 1 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылып Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Сот аны жарым-жартылай канааттандырып, 100 миң сом компенсация өндүрүп берген.
"Белгилей кетсек, буга чейин облустук прокуратура тарабынан Майлуу-Суу шаарынын прокуроруна карата чаралар көрүлүп, прокурор Н.Сагынбаев мыйзамсыз камоого, камакка алууга жана кийин сот тарабынан акталган М.Н.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол бергендиги үчүн кызматтык милдеттерин толук аткарбагандыгы аныкталган. , - деп айтылат облустук прокуратуранын укук коргоочуларга кайрылуусунда.
Адвокаттардын айтымында, компенсациянын суммасына М.Н.нын апасы абдан нааразы болгон. Анын айтымында, соттук териштирүүдө алар андан көп акча коротушкан.
М.Н Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, бир миллион сом өндүрүп алууну көздөөдө.
Булак: NazarNews.kg