www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бир үй-бүлөдөгү майыптыгы бар эки же андан көп адамга кам көргөн жеке ассистенттерге төлөмдүн жаңы тартиби киргизилди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта бир ассистент бир үй-бүлөдөгү эки же андан көп адамды караса, ар бир камкордук көргөн адам үчүн акы толук өлчөмдө төлөнөт.
"Бул тартип туруктуу кароого муктаж болгон майыптыгы бар балдарга жана бала кезинен I топтогу майыптыгы бар 18 жаштан улуу адамдарга тиешелүү", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, учурда жеке ассистенттин кызматы үчүн ай сайын 8 миң 697 сом 32 тыйын төлөнөт. Жеке ассистенттин кызматы үй-бүлөнүн кирешесине карабастан дайындалат.