www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкө боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) тутумунда жарандарды күбөлөндүрүү процесси толугу менен санарип форматка өткөрүлгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, эми медициналык мекемелер МСЭКке бардык документтерди электрондук түрдө гана жөнөтүшөт. Майыптыкты аныктоо тууралуу маалыматтар автоматтык түрдө мамлекеттик «Түндүк» системасына интеграцияланат.
Мындан тышкары, мурда колдонулуп келген алты түрдөгү маалымкат оптималдаштырылып, эки бирдиктүү санарип маалымкатка бириктирилди. Бул бюрократиялык жол-жоболорду кыскартууга жана мамлекеттик кызматтарды алуу процессин жеңилдетүүгө өбөлгө түздү.
Министрликтин маалыматына караганда, санариптештирүү адам факторунун таасирин минималдаштырып, ортомчулук көрүнүштөрүн жоюуга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга шарт түзөт.