www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түп райондук прокуратурасы тарабынан ата-энесиз калган балдардын укуктарын коргоо багытында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, бир тоголок жетим баланын мыйзамда каралган укуктары толук камсыздалбай, турак жай куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилбегени аныкталган.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Түп айыл аймагынан аталган балага 0,06 га өлчөмүндө жер тилкеси бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренеси жана Турак жай кодексинин 43-беренесине ылайык, балдардын турак жайга болгон укуктары мыйзамда белгиленген тартипте кепилденет.
Турак жайы жок жетим балдарга 16 жашка толгондон кийин турак жай аянтын кезексиз алуу укугу каралган.