www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште кабинеттер бир четинен оңдолуп, «чимкириктер» орун ала баштаптыр. Сокенин кабинетине балпайып барып Талант Мамытов отуруптур. Ал эми мурунку спикердин (атың өчкур, ии баса, «Макаленун») кабинетине көпөс Камчыбек Жолдошбаев көчүп барганын эшиттик.
«Эмне үчүн мындай?» десек, ал Жогорку Кеңештин ремонтуна миллион сом берген имиш. Ошон учүн өзү да чоң, сөзү да өтүмдүү болуп, калгандары «койчу эми, аны менен эсептешип болбойт. Чыр неме, былжытмага тийишпей эле коёлу, билген намазын окусун. Ансыз да биздин кетээрибизге аз убакыт калды» дешип тынчышкан окшойт.
Эске сала кетсек, бул көпөс жакында эле өзү туулган Кызыл-Туу (Ат-Башы району) айылынын бир көчөсүнө атын койдуруптур. «Кайсы эмгеги үчүн? Же бу киши эбак эле «артты» карап кетти беле? Өмүрүн берсин...» деп айылдаштары аң-таң болууда. Мына сага кызык!
Булак: Азия News гезити