www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макгрегор менен Порье качан беттешери белгилүү болду

Январда UFC уюмунун эки салмагынын экс-чемпиону Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье беттешет. Бул тууралуу UFC уюмунун расмий сайты жарыялады.

Таймаш кайсы жерде өтөрүн промоушен азырынча белгилеген эмес. Алдын ала маалыматтарга караганда реванш Абу-Дабидеги «Мушкерлер аралы» спорттук жайында болушу мүмкүн.

«Реванш расмий белгиленди. Дастин Порье Конор Макгрегор менен 23-январда «UFC-257» мелдешинде кез келет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылдын июль айында Макгрегор спорттон кеткенин жар салган. Ирландиялык мушкер америкалык Порье менен буга чейин 2014-жылы беттешип, биринчи эле раундда техникалык нокаут менен уткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости