www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макгрегор Путинге виски белек кылды

Ирландиялык ММА мушкери Конор Макгрегор Орусиянын президенти Владимир Путинге Proper 12 вискисинин бир бөтөлкөсүн белек кылганын билдирди. Анын Москвада маалымат жыйында минтип айткан сөзүн Лента.ру жазып чыкты.  

Макгрегордун сөзүнө караганда, бул бренддин астында биринчи өндүрүлгөн бөтөлкө Путинге тийген. Макгрегор вискини уу бар-жогун текшерип көрүүсү үчүн орус лидеринин жан сакчыларына калтырган.

Эске салсак, Макгрегор Путин менен 2018-жылы футбол боюнча дүйнө чемпиондугу өтүп жаткан учурда жолуккан. Анда мушкер Путинди учурдагы эң улуу лидерлердин бири экендигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости