www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өнүгүү-Прогрес" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев растаможкадагы боло турган өзгөрүүлөр тууралуу "Азияnews" гезитине айтып берди.

- Бакыт Эргешович, келерки жылдан тарта бир топ товарлар кымбатташы мүмкүн экенин эскерттиңиз. Ал эмнеге байланыштуу?

- ЕАЭБдин алкагына кирип жатканда 166 позиция боюнча бизге 3-4 жылга жеңилдик берилген. Анын ичинде автоунаалар да бар болчу. Эми келерки жылдын 1-январынан тарта автоунааларды растаможкалоо баасы 8-10 эсеге көбөйөт. Эгер мурда унаанын ээси 500-1000 доллар төлөгөн болсо, азыр 5-6 миң доллар төлөп калышы ыктымал. Эң башкысы, биз 166 позициянын ичинде кайсы товарлар бар экенин билбейбиз. Бизге жеңилдик бирилген соң, демек, ал товарлар ошол мезгилде биз үчүн керектүү болчу.

Экономикага таасир бере турган товарлар болгон. Бирок, ошол товарлардын негизинде өндүрүшүн көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзуп, салык төлөп жаткан биздин ишкерлер 1-январдан тарта кайсы товарлар кымбаттаарын билишеби? Мен мисалы, анык билбейт экенмин. Ошондуктан, өкмөт азыр түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш. Керек болсо ЕАЭБдин комиссиясына маселе коюш керек. Же жеңилдетүүнүн мөөнөтүн узартышабы, же тариптерди өзгөртүшөбү?..

Албетте, маселенин экинчи жагы да бар. Товар түрүндө келип аткан болсо, алардын кымбатташы биздин ички рынокту коргоо жагынан бизге жагымдуу болушу мүмкүн. Сырье түрүндө келсе, биздин өндүрүшчүлөр товар жасап, сатып, бул өндүрүштүн өнүгүшунө жакшы шарт түзөт.

- Ошондо 1-январдан баштап жанагы 166 позициянын баары боюнча жеңилдик апынып салынабы?

-Бажы биримдигине киргенден кийин биз бир аймак болдук. Биз бажы биримдигинин бажы кодекси боюнча иштеп жатабыз. 6 миңден ашуун товардык позиция бар, бирдиктүү бажы тарифи (!) деген бар. Бирок, 166 позицияга бирдиктүү тариф жок эле. Эми баардык товарлар бирдей болуп калат. Ал Армениядан келеби, же Беларустан кслеби, бирдей тариф менен кирет. Мындайча айтканда, кымбаттайт.

Последние новости