www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги жылуулук электр борборундагы коррупция иши боюнча айыпталып, абакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков камерадан чыгуудан баш тартып, бул жолку соттук отурумга катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучулардын адвокаттары бүгүн мажбурлоо түрүндө эки күбөнү соттук отурумга чакыртууну өтүнүшкөн экен. Алар соттук-экономикалык жана соттук-курулуш эксперттери. Буга чейин прокуратура дагы эки экспертке тең соттук териштирүүгө катышуу үчүн чакыруу жөнөтүшкөн. Бирок алар сотко келбей жатыптыр. Сот прокуратуранын өтүнүчүн колдоого алып, аларды мажбурлап отурумга алып келинишин колдоого алат.

Түшкө чейин эксперт-күбөлөрдүн, андан кийин айыпталуучулардын көрсөтмөлөрүн укмакчы болгон соттун иши оңунан чыкпай калды. Себеби, эксперттер келбей коёт ал эми мурдагы премьер-министрдин тээ бир кездердеги “эркелик” кыялы кармап кеткенби айтор, камерадан чыгуудан баш тартыптыр. Ал бул кадамын алгач күбөлөрдү угайын андан кийин көрсөтмө берейин – деген таризде түшүндүрүптүр.    

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости