www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик Украинага орто жана алыска атылуучу ракета бериш үчүн коалиция түзгөнүн Франция президенти Эммануэль Макрон билдирди. Бул туурасында РИА Новостижазды. 

"Соккуларды тереңирээк уруш үчүн тогузунчу — бомба жана ракеталар менен камсыздоочу коалицияны түзүүнү чечтик. Кечээтен баштап жаңы куралдарды берүүгө жөндөмдүү өлкөлөрдү тартуу үчүн бул коалицияны уюштура баштадык", — деген Макрон Украинаны колдоо боюнча Парижде өткөн конференциянын жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берип жатып.

Франция лидери Киевге курал, окторду (ичинде абадан кол салууга каршы системалар, артиллерия бар) берген европалык сегиз коалиция бардыгын белгилеген.

"Негизги орунда ок-дары турат. Снаряддар сакталган өлкөлөрдөгү запастарыбызды колдонууга даярбыз жана ар кыл категориядагы снаряддарды ала турган үчүнчү мамлекеттерди аныктоо ниетиндебиз. Андан сырткары, өзгөчө ок-дары баштаган керектүү каражаттарды өндүрүп жана сатып алуу багытындагы жаңы чечимдер үчүн үчүнчү өлкөлөргө кайрылууну каалайбыз", — деген Макрон.

Буга чейин Чехиянын президенти Петр Павел Прага Евробиримдиктин аймагынан тышкаркы жактан 800 миң артиллериялык снаряд сатып алууга мүмкүнчүлүк тапканын билдирген. Алар АКШ, Германия жана Швециянын финансылык каржылоосунун аркасында бир нече аптанын ичинде Украинага берилерин жар салган.

Февралдын башында Politico басылмасы Чехиянын Түштүк Корея, Түркия жана Түштүк Африкадан курал-жарак, ок-дары менен иштеген компанияларды издеп жатканын жазган. Мындай сунушту кийинчерээк Эстониянын премьер-министри Кая Каллас колдогон.

Буга чейин РФ НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы үчүн нота жөнөткөн. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун Москва үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Мындай кадамдарды жасап НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган.

Кремль Киев бийлигин тишине чейин куралдандыруу орус-украин сүйлөшүүлөрүнө кедергисин тийгизерин айткан. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости